Жалал-Абадда эртеңден тарта коомдук транспортко тарифтер көтөрүлөт. Мурдагы 10 сомдун ордуна маршруттук таксиде жол кире 15 сом болоорун шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен билдиришти.
Ошол эле учурда мектеп окуучулары үчүн 5 сом, пенсионерлер үчүн 8 сом тарифи өзгөрүүсүз калат.
Жергиликтүү бийлик күйүүчү майлардын жана авто тетиктердин баасы өсүп жаткандыктан жол кире акысын көтөрүүгө аргасыз болуп жатканын белгилешүүдө.