Slider

Бүгүн кечинде Москвада күрөш боюнча эл аралык Moscow Grand Prix — ALROSA Cup 2021 турнири өттү.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде орусиялык Ханум Велиеваны 3:2 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, спортчулар Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жарым финалда беттешкен. Анда кыргызстандык жеңишке жеткен, бирок Орусиянын Күрөш федерациясы бул кармашта калыстык кылуу боюнча нааразычылык билдирген.

Эске сала кетсек, Мээрим Жуманазарова Ослодо өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *