Slider

Принстон жана Вашингтон университеттеринин изилдөөчүлөрү укмуштай кичинекей визуалдаштыруу (сүрөттөө) системасын иштеп чыгышты. Анын көлөмү түз маанисинде кичинекей кум данына дал келет, деп жазат GSMArena.com.

Адаттагы камераларды жасоодо татаал пластик жана айнек линзалар колдонулат, алар жарыкты электрондук түрдө көрсөткөн сенсорго багытташат. Жаңы камера болсо жарыкты каалаган багытта сындыруу үчүн иштелип чыккан жеке миниатюралык элементтери бар метакатмардуу жука пленка менен негизделген.

Булактын айтымында, ар бир цилиндр түрүндөгү мамычалар жарыкты кабыл алып, оптикалык толкун фронтун түзүүчү оптикалык антенна ролун аткарат. Жасалма интеллект алгоритмдеринин аркасында жогорку сапаттагы сүрөттөр толук түстө көрсөтүлөт.

Жаңы типтеги камеранын негизги колдонулушу медициналык: мындай сенсорлор менен жабдылган роботтор ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн минималдуу инвазивдик эндоскопияны жасай алышат.

Метакатмарлары кремний нитриддин негизинде өндүрүлгөн. Аларды кадимки камера линзаларына караганда азыраак баада массалык түрдө чыгарууга болот. Эксперттер бул ачылыш «келечекте аппараттарды түзүүнүн такыр башка жолдоруна» жол ачат деп эсептешет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *