Slider

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында «Мамлекеттик ипотека» компаниясы Ош шаарынан көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкесин алат.

МИКтин жетекчиси Аида Төлөгөнова менен түштүк борбордун мэри Алмаз Мамбетов жер тилкесин берилиши тууралуу макулдашты, деп билдирет компаниянын басма сөз кызматы.

Үйдү куруунун алкагында документтерди даярдоону жана курулушту көзөмөлдөөнү Ош мэриясы колго алат. Өз кезегинде компания үйдүн курулушун толук каржылайт.

Салынган имараттан батирлер келечекте “Менин үйүм 2021-2026” программасынын катышуучуларына берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *