Slider

Социалдык фонд өзүнүн банкын түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, азыр соцфонд өзүнүн сактык эсептеринде турган акчаны банктарга депозиттерге жылына 10% — 12% менен берет. Ал эми алар, өз кезегинде, алардан 5%дан 15%га чейинки өлчөмдө таза кирешеси бар жарандарга насыя түрүндө беришет.

Ошондуктан, социалдык фонд эң кеңири тармагы бар өзүнүн банкын түзүп, кредиттерди, анын ичинде ипотекалык насыяларды өз алдынча берүүгө ниеттенүүдө.

Бул социалдык фонд үчүн да, керектөөчүлөр үчүн да пайдалуу болмок – анткени пайыздык ставкалар төмөн, дейт Алиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *