Slider

Президент Садыр Жапаров дыйкандар менен фермерлерди жер салыгынан бошотконун өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал бул боюнча жарлык кабыл алганын белгиледи.

«Бүгүн мен айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Ага ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотуласыздар. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабык жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат», — деди Жапаров.

Президенттин жарлыгында фермерлер салыктан үч жылга (2022-2025-жылдар) бошотулары жазылган. 

Жапаров ошондой эле келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөгү 6 пайызды түзгөн насыя берилерин айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *