Slider

 6-декабрда Ош облустук төрөт үйүнүн жаңы жетекчиси Асылкан Асанова жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы Талант Арстанкулов билдирди.

Анын айтымында, Асанова Асылкан Жамшитбековна боюнча саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин буйругу 4-декабрда чыккан.

Аталган төрөт үйүн 2004- жылдан бери Гүлбара Кенжебаева жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен жетекчилик кызматты тапшырып бергенин айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *