Slider

Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу жаңы ишкана ишке кирди. Бул тууралуу инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин ( KADI ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу мурдагы долбоордон жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын өндүрүү боюнча алынган кирешени кайра инвестициялоонун аркасында башталганы белгиленген.

KADI өндүрүштүн өлкөдө аналогу жок экенин, ишкана импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталганын — продукциянын 40 пайыздан ашыгы Казакстандын рыногуна жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 600 миң жуптан ашык.

Компания өндүрүштү кеңейтүүнү жана спорттук бут кийимдерди чыгарууну пландаштырууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *