Slider

Мектеп окуучулары үчүн 2021/2022-окуу жылындагы кышкы каникул 31-декабрдан 11-январга чейин созулат.

Ноябрь айынын башында Билим берүү жана илим министрлиги каникулдар боюнча жаңыланган графикти жарыялаган.

Ошентип орто мектептин окуучулары 12 күн эс алат. Окуу 12-январда башталат.

Эске салсак, республикада 2021/2022-окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылган. Бийлик мындай кадамга педагогдордун көбүн эмдөөдөн өткөрүү үчүн жана жайкы туристтик сезонду узартуу максатында барган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *