Бишкекте бүгүн саат 08:15 чамасында Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан Toyota Proboks үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аял «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрь айында ушундай эле эки окуя болгон: кырсыктын кесепетинен «Тазалык» ишканасынын эки кызматкери каза болгон.
Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, натыйжада муниципалдык кызматтын кызматкери К.С. 1987-жылы туулган жаран кырсык болгон жерден каза болгон.
Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Айдоочу Тергөө кызматына жеткирилген.