Slider

Казакстанда тополоң болгон күндөрү Алматыдагы өлүкканаларга кылмышкерлер жети жолу чабуул жасап, ал жерден 41 адамдын сөөгүн уурдап кетишкен. Бул тууралуу Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Таймерденов брифингде журналисттерге билдиргенин казак басылмалары жазышууда.

Ал кылмышкерлер каза болгондорду таштабай, жарадарларды ээрчитип алып кетишкенин, жадакалса маркумдардын сөөгүн өлүкканалардан сүйрөп кетишкенин айтты.

Канат Таймерденовдун айтымында, «террорчулар» 1347 курал-жарак, анын ичинде 501 мылтык, 807 жылмакай жана 39 газ-травматикалык куралды колго түшүрүшкөн.

«Башка террордук топтор бир эле учурда 7 курал-жарак дүкөнүн басып алып, ал жерде курал-жарак жана ок-дарыларды ээлеп алышкан. Учурда атайын операциялардын жүрүшүндө 127 курал-жарак, ар кандай калибрдеги 2800 патрон, ошондой эле башка ок-дарылар жана атайын техникалар алынды. Ошондой эле мародерчулук учурунда уурдалган ири өлчөмдөгү мүлктөр табылган. Керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Мындан тышкары митингчилер 51 унааны, анын ичинде полиция жана өрт өчүрүүчү унааларды, тез жардам унааларын өрттөшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *