2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын паспорту Henley & Partners эл аралык компаниясынын дүйнөлүк рейтингинде 80-орунду ээледи.
Эми Кыргызстандын жарандары 63 мамлекетке визасыз бара алышат.
Рейтингдин лидерлери мурдагыдай эле Сингапур жана Япония — 192 визасыз багыт. Ал эми Германия менен Түштүк Корея 190 өлкөгө визасыз кирүү менен экинчи орунду бөлүшөт. Үчүнчү орунда бир эле учурда төрт өлкө: Испания, Италия, Люксембург жана Финляндия. Бул өлкөлөрдүн паспорттору 189 өлкөгө визасыз барууга мүмкүнчүлүк берет.
Орусия рейтингде 51-орундан 46-орунга жылды. Орусиялык паспорт ээлери 119 жерге визасыз бара алышат. Казакстан 75 визасыз багыт боюнча 74-орундан 68-орунга көтөрүлдү.