Slider

Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргызстандын жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин четке какты.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда өлкө аймагына оң рулдуу автоунааларды кайра алып келүүгө жана каттоого уруксат берүү каралган.

Документтин долбоору февраль айында коомдук талкууга коюлган.

Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Ички иштер министрлиги мындай унааларды каттоого уруксат берүүгө караманча каршы чыгышкан.

Эске сала кетсек, 2015-жылдын жайынан тарта Кыргызстанга оң рулдуу унааларды расмий түрдө алып кирүүгө жана каттоого тыюу салынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *