Slider

Ош шаарында 1-майдан 9-майга чейин бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Май майрамдарына карата Ош шаарындагы иш-чаралардын программасы төмөнкүдөй болмокчу:

  • 1-май (10:00) — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата жумушчу табынын өкүлдөрүнүн тынч жүрүшү;
  • 1-май (10:00) — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Т.Сатылганов жана А.Навои атындагы парктарда спорттук мелдештер;
  • 4-май (10:00) — Ош шаарынын борбордук аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата массалык веложарыш;
  • 5-май (16:00) — Конституция күнүнө арналган борбордук стадиондо Кыргыз Республикасынын Ош жана Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарларынын маданият ишмерлеринин катышуусунда “Футбол шоу” иш-чарасы;
  • 6-май (16:00) — «Алымбек-Датка» этнографиялык паркында Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата «Этно-Ош» фольклордук тобунун концерттик программасы;
  • 7-май (16:0) — «INCLUSIVE KG — Бирдей» инклюзивдик фестивалы;
  • 7-май (16:00) — А.Навои атындагы сейил багында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата «Улуу Мурас» фольклордук тобунун концерттик программасы;
  • 8-май – (18:00) – “Алымбек-Датка” этнографиялык сейил багында Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган “Мурас” эстрадалык тобунун концерттик программасы;
  • 9-май (10:00) – «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде жолугушуу-реквием;

9-май — Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык программа:

— 2-дүйнөлүк согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери үчүн жоокердик тамак;

— «Согуш жылдарындагы ырлар» духовой оркестринин концерттик программасы;

— «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы;

«Шайыр апалар» фольклордук тобунун майрамдык оюну.

  • 9-май (10:00) — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Т.Сатылганов жана А.Навои атындагы парктарда спорттук мелдештер;
  • 9-май (18:00) — А. Сүйүмбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын «No name» жана Андижан шаарынын «БРАВО» КВН командаларынын катышуусунда «Достук» эл аралык кубогунун концерттик майрамдык программасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *