Slider

Бүгүн, 10-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынгын жетекчилиги, ИИМдин ардагерлер кеӊеши милиция кызматкерлеринин жубайларын «Офицердин жубайы» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган сыйлык менен милиция кызматында үзүрдүү 20 жылдан ашуун кызмат өтөп келе жатышкан милиция кызматкерлеринин жубайлары сыйланышты.

Бүгүн өздүк курамдын алдында бул сыйлыкты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов милиция кызматкерлеринин жубайлары Гулзина Адиевага, Зыягул Нуржановага тапшырып жатып, аларды май майрамдары менен куттуктады.

Ошондой эле ал, медалдын келип чыгуу тарыхына токтолду.

Ал белгилегендей, милициянын жубайы болуу жеӊил эмес: күндүр түндүр өтөгөн кызмат, түнкү нөөмөттөр, чукул кызматтык сапарлар…Ушулардын баары үй бүлө мамилелерине таасир этет.

Мындай кырдаал өз ара мамилелерге дагы таасир этип, бардык эле жубайлар туруштук бере алышпайт.

Мына ошондуктан милиционер жубайларына жөлөк болуп, кыйнчылыктарды кошо тартышкан жубайлары үчүн ушул медаль чыгарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *