Slider

11-майдан 18-майга чейин альтернативдүү түндүк-түштүк жолунун Арал айылынан Казарман айылына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, Гидрометеорология кызматы катуу шамал тууралуу эскертүү берген. 10-майдан 14-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Арал-Казарман унаа жолунун тилкесинде сел жүрүп, таш кулоолору мүмкүн.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жолдун бөлүгүн селден жана жер көчкүдөн тазалоо боюнча тоскоолдуксуз иштерди жүргүзүү үчүн жолдун аталган бөлүгү жабылат. Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, алдын ала маршрутту ойлонуп түзүүнү суранабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *