Slider

Жогорку Кеңеш республика аймагында казинолордун иштөөсүнө кайра уруксат берүүнү сунуштаган «Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды, деп жазат Регнум.

Экономика министрлиги демилгелеген мыйзам долбоорун 56 депутат колдоп, 13 депутат каршы добуш берди.

Документтин авторлору оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнүн кайра жанданышы инвесторлорду тартууга жагымдуу шарттарды түзүп, өлкөнүн бюджетине киреше агымына оң таасирин тийгизет деп ырасташат.

Ошол эле учурда расмийлер Кыргызстандын жарандарына казиного кардар катары кирүүгө тыюу салынат деп ишендирүүдө.

Эске салсак, 2012-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Андан кийин, 2015-жылдын 13-апрелинде букмекердик кеңселерге жана лотереяларга тыюу салуу боюнча мыйзамга кол коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *