Slider

Май айынын башында өлкө боюнча болгон селден келтирилген материалдык чыгым дээрлик 90 миллион сомго бааланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, катуу кырсыктын кесепетинен 900 турак-жай жараксыз абалга келген. Анын ичинен 400дөн ашыгын суу каптап, 23 үй авариялык абалда.

Учурда сел жүргөн бардык аймактарда турак жайларды, социалдык объектилерди жана жергиликтүү инфраструктураны тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *