Slider

Run the Silk Road эл аралык марафонунун ачылышында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров куттуктоо сөз сүйлөдү. Бул тууралуу марафондун катышуучулары билдирди.

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Акылбек Жапаров жарыштын катышуучуларына алдыдагы жарышта ийгилик каалап, сергек жашоого үндөө үчүн ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу спортчулар жана коноктор! Баарына президент Садыр Жапаровдун атынан ыраазычылык билдирем! Ысык-Көл дайыма дүйнөлүк спортчуларды кабыл алып келген. Бүгүнкү марафон өзгөчө, жеңүүчүлөр Борбордук Азия оюндарына аккредитация алышат. Искендер Македонский айткандай, жашоо – бул күрөш, спорт – чоң күрөш. Алдыңкы жарышта ийгиликтерди каалайм!» — деп айткан ал.

Ачылышка Жаштар саясаты, маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Азамат Жаманкулов да катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *