Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
14-15-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы күтүлөт.
«Температура төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы коммуналдык жана энергетиктердин ишин кыйындатат. Мал жаюу кыйындайт», — дешти ведомстводон.