Slider

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын дипломдорун даярдоого жана персонификациялоого 16 миллион 575 миң 920 сом жумшалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында билдирилди.

Маалым болгондой, тендерди санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялаган. Жогорку билим жөнүндө 40 миң 145, орто кесиптик билим жөнүндө 29 миң 629 диплом басылышы керек.

Мындан тышкары, техникалык тапшырмада белгиленгендей, «пландан тышкаркы объектилердин» тизмеси бар: жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн академиялык сертификаттар, дубликат дипломдор, үч тилдеги дипломдор жана бузулган документтерди кайра тариздөө.

Алар окуу жайларынын иш жүзүндөгү керектөөлөрүнө жараша аткарылат, ал эми аларды өндүрүү тендердик тапшырманын наркына кирбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *