Slider

Бишкек жана Ош шаарларында Европа кинотасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын айтымында, сунушталган тасмалардын баары Берлин жана Канн кинофестивалдарына талапкерлер. Тасмалар Бишкекте 21-майдан 27-майга чейин («Ала-Тоо» кинотеатры), Ошто 29-майдан 4-июнга чейин («Кинобокс Семетей» кинотеатрында) көрсөтүлөт.

Бардык тасмалар даярдалган өлкөлөрдүн тилдеринде, орусча субтитрлери менен көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

Европа кинофестивалы Европа күнүнө карата жана Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын белгилөөгө арналган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *