Slider

Кыргызстандын кино тармагы эми мамлекеттик бюджетке киреше алып келүү милдетин алды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, кинематографияны экономиканын өзүнчө тармагы катары өнүктүрүү үчүн эки жаңы структура түзүлүүдө: мамлекеттик мекеме – «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси жана Кинофонд.

Биринчи бөлүм Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Кинематография департаментинин алдында иштейт.

Эки структурага тең кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны дүйнөлүк рынокко интеграциялоо милдети жүктөлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *