Slider

Кыргызстандык режиссёр Ильгиз-Шернияз Турсунбек уулу тарткан «Аламан» аттуу даректүү тасмасы III Түндүк Кавказ кинофестивалынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу форумдун сайтында маалымдалды.

Ал «Мыкты телевизиондук даректүү тасма» номинациясында биринчи орунду алган.

«Кинокавказ-2022» конкурстук шоусуна Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын авторлорунун 40тан ашык тасмалары кирген.

Кинокавказ фестивалы Нальчикте үчүнчү жолу өтүп жатат. Бул кыска метраждуу, даректүү тасмалар, телевидение, анимациялык тасмалар жана социалдык роликтердин сынагы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *