Окуучуну сабаган мугалим кайра жумушуна чыгат. Бул тууралуу “Азаттык” Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди.
«Мугалим менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал ооруп калгандан кийин жумушуна кайтып келет», — деп билдиришти билим берүү башкармалыгынан.
Эске салсак, 25-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 мектепте мугалим окуучуну сабап жаткан видео интернетке тараган.
Видеодо мугалим менен окуучунун ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, анын жүрүшүндө аял кызды сабап баштаганын көрүүгө болот. Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги комиссия түзгөн. Мугалим жумуштан кеткени да айтылган.