Slider

29-май Евразиялык экономикалык биримдиктин күнү болот. Бул тууралуу кечээ, 27-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн жыйынында белгилүү болду.

Жаңы дата пайда болорун президент Садыр Жапаров кесиптештерин Евразиялык экономикалык комиссиянын мааракеси менен куттуктап жатып билдирди.

«Сиздерди дагы бир жолу Евразия экономикалык комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгы жана келе жаткан ЕАЭБ күнү менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер, аны бүгүн 29-майда түзүүнү пландап жатабыз», — деди Садыр Жапаров.

Өз сөзүндө Владимир Путин Орусия бул чечимди толугу менен колдой турганын билдирди.

«Биз 29-майды Евразия биримдигинин күнү деп жарыялоо боюнча даярдалган чечимди толугу менен колдойбуз. Ошентип, календарда биздин элдерибизди бириктирген жана Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин интеграциялык курулушка жалпы умтулуусун символдоштурган жаңы маанилүү дата пайда болот»,- деп билдирди Орусиянын мамлекет башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *