Slider

Кыргызстанда чек ара кызматынын салттарын калыптандыруу, анын маанисин даңазалоо жана улантуу максатында 1999-жылдын 15-декабрындагы өкмөттүн токтому менен биринчи жолу 28-май майрамы белгиленген.

Майрам 1958-жылдан тарта башталат: мындай датаны белгилөөгө негиз катары Эл Комиссарлар Советинин 1918-жылдын 28-майындагы декрети менен РСФСР чек арасынын Чек ара кызматы түзүлгөн.

2003-жылы 23-майда Чек арачылар күнүн белгилөө 29-октябрга белгиленген. Эки жолу майрамдалган соң, чек ара кызматынын ардагерлеринин кайрылуусунан кийин өкмөт тарыхый датаны – 28-майды кайтаруу чечимине келди.

1999-жылы 28-майда «Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө» президенттин жарлыгы чыккан.

Ага ылайык, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу, эгемендикти, бүтүндүктү жана өлкөнүн кол тийбестигин камсыздоо максатында Кыргызстандын Чек ара кызматы түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *