Slider

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык баш аламандыктарды уюштуруу боюнча айыпталып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана башка бир катар саясий ишмерлер болгон кылмыш ишин кароону аяктады.

Мамлекеттик айыптоочу тарап айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, узак мөөнөткө эркинен ажыратууну суранды.

Бирок жыйынтыгында сот бардык айыпталуучуларды кылмыштын курамынын жоктугуна шылтоолоп, актады, ошондой эле алардын реабилитациялануу укугун тааныды, деп жазат Regnum.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, 5-октябрда добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон оппозициялык партиялар митингге чыгып, башаламандыкка айланып, Ак үйдү демонстранттар басып алып, андан соң ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт отставкага кеткен.

Андан соң укук коргоо органдары КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевди, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду, ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду жана башка саясатчыларды өлкөдө массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыптаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *