Slider

Ош шаарында 24-июнь күнү Сулайман-Тоодон өзүн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылган келин мындай чечимге эмне себеп болгонун айтып берди.

Айгерим Эмилбек кызынын айтымында, жолдошу экөөнүн төрт баласы бар. Бирок күйөөсү аларды көрүүгө тыюу салат. Ал келинден 10 жаш улуу. Аны менен Айгерим 17 жашында турмушка чыккан.

Айгерим Эмилбек кызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы. Ал күйөөсү аны сабаганын айткан. Ал ажырашууну чечкенде, ал киши аялы мындан ары эки уул, эки кызды көрбөй турганын айтып коркуткан. Улуу кызы жети жашта, кичүүсү бир жаш эки айлык. Аялдын айтымында, ал беш айдан бери балдарын көрө элек жана буга чейин үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Жолдошу бажыда иштейт. Азыр ажырашуу процесси жүрүп жатат.

Шаардын ички иштер бөлүмү суицид фактысы боюнча бардык жагдайларды иликтөө уланып жатканын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *