Slider

Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» аталышындагы чыгармачылык кайрымдуулук кечеси өттү.

Уюштуруучулар түшкөн каражатка жазуучунун «Муздак дубалдар» аталышындагы чыгармалар жыйнагын басып чыгарууну максат кылууда.Кубатбек Жусубалиев өзү шаан-шөөкөттү, расмий жыйындарды, кечелерди көп жактыра бербей турганы белгилүү.

Жашы сексенге таяп калган жазуучу атайын даярдалган орундукта олтуруудан баш тартып, коноктордун катарынан орун алды.»Мындай караганда, менин турмушка болгон мамилем өтө эле трагедиялуу. Мени окугандарга, жакшы көргөндөргө таң калам. Айрыкча адамдын турмушуна менин мамилем, менин оюм өтө эле трагедиялуу. Силердин келгениңерге мен ыраазы болуп жатам, ыракмат эй! Мендей кишиге өзү такыр жакындабаш керек!»,-деди К.Жусубалиев.

Өткөн кылымдын 60-жылдарында «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген тырмак алды китеби менен адабий чөйрөгө таанылган Кубатбек Жусубалиев кыргыз адабиятынын эң мыкты үлгүлөрүн жараткан. Бирок соңку жылдары аз жазып калды.

Жусубалиевдин буга чейин төрт китеби жарык көргөн:1967-жылы «Күн автопортретин тартып бүтө элек»1981-жылы «Толубай сынчы»1990-жылы «Муздак дубалдар».Эгемендик жылдарда, 2003-жылы «Жети сөз жана Конфуций» китеби жарыкка чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *