Slider

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча үгүт иштерине катышууга 50 жалпыга маалымдоо каражатын каттады.

Анын ичинен 37и радио-телевидение, калган 13ү интернет басылмалар. Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков БШК 29-декабрдагы отурумунда бир сайтты каттоодон баш тартканын билдирди.

«Борбордук шайлоо комиссиясы «NazarNews.kg» басылмасы Интернет платформасында жоктугуна байланыштуу аны каттаган жок», — деди Изреков.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарандар президенттикке талапкер 18 адамдын ичинен каалаган бирөөгө добуш берет жана башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандайт:

— президенттик;
— парламенттик;
— бардык варианттарга каршы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *