Slider

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан (түштүк региону) аткезчилик фактылары боюнча кылмыш-жазык куугунтуктоосун жүргүзүүдө 2022-жылдын 9 айында аткарылган жумуштары тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирилет.

Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө транспорттук прокуратуранын маанилүү багыттарынын бири аткезчилик менен күрөшүү болуп саналат.

Аталган кылмыштын белгилери КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган.

Экономикалык контрабанда, башкача айтканда бажы контролунан тышкары же андан жашыруу менен же болбосо документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалган, же болбосо декларация кылбоо же анык эмес декларациялоо менен коштолгон Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же башка буюмдарды өткөрүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, ошонун ичинде аталган кодекске 2022-жылдын 16-июнда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар жана башка предметтер, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) конфискацияланууга тийиш болуп саналат.​Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө транспорттук прокуратурасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасына товарлады мыйзамсыз өткөрүү фактылары боюнча жалпысынан 11 кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Анын ичинен 7 кылмыш иши аткезчилик жолу менен өткөрүлгөн товарларды бажылык жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөгөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулуп, мамлекетке келтирилген 4 221 580,16 сомдук зыян накталай түрдө республикалык бюджетке өндүрүлгөндүктөн кылмыш иштери өндүрүштөн кыскартылган.

Мындан сырткары, контрабандалык жол менен өткөрүлгөн 1 680 000 сомдук товарга камак салынып, бажылык жол-жоболоштурууга уруксат берилбеген 1 976 845 сомдук товар тиешелүү тартипте жок кылынган (утилдештирүү).

Ал эми, 3 кылмыш иши боюнча толук кандуу тергөө аракеттери жүргузүлүп, айыптоо актыларын түзүү менен негизинен кароо үчүн сотко жиберилген, 1 кылмыш иши азыркы учурда тергөө стадиясында.

Аткезчилик фактылары боюнча талдоо жүргүзсөк, жүктөрдү аткезчилик менен ташууда дары-дармек түрүндөгү товарлар үстөмдүк кылууда.

Мисалы, 2022-жылдын 5-июулунда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы тарабынан Кадамжай районунун Пулгон айылында тиешелүү документтери же болбосо декларация менен коштолбогон 9290700 сомдук дары-дармекти Өзбекстан Республикасына бажы контролунан жашыруу жолу менен өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен аталган айылдын тургуну М.М. аттуу жаран кармалган.
​Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда айыпталуучу М.М. карата бөгөт көюу чарасы катары камак тандалган.
​Мындай аткезчилик фактылары коомдун саламаттыгын тообокелге салып, фармацевтикалык өндүрүшүн чоң чыгымга учуратуу менен экономиканы начарлатат.

Ошондуктан жогорудагыдай мыйзам бузуу фактыларга принципиалдуу түрдө чаралар көрүлүүдө.

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан мындан ары да калыптанган аткезчилик каналдары менен күрөшүүдө мыйзамдын талаптарынын кынтыксыз аткарылышын камсыз кылуу багытында иштер тынымсыз жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *