Slider

Түркиянын Изник ​​шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы эң мыктысы болду. Финалда биздин команда казакстандык атаандаштары менен алтын үчүн күрөштү. Кыргызстандыктар 5:0 эсебинде жеңишке жетишти.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталган. Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу барышкан. Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *