Slider

Кыргызcтандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, коомдук фонд юстиция органдарында 2020-жылдын декабрь айынын башында катталган.

Анын негизги максаты — коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо болуп эсептелет.

«Жогоруда белгиленген максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштерди жүргүзүүгө багытталат», — деп айтылат маалыматта.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын ноябрь айында президент болуп шайланган. Ал 2020-жылдын октябрь айында, президенттик мөөнөтүнүн үчүнчү жылы отставкага кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *