Slider

Украинада коронавирустук инфекциянын беш түрү табылды. Алардын бардыгы Кытайдан чыккан глобалдык генетикалык линияга кирет. Өлкөдө Британиялык COVID-19дун жаңы мутациясы табылган жок. Бул тууралуу 30-декабрь, шаршемби күнү Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.

Коронавирустун гендик үлгүлөрү Украинанын Днепропетровск, Донецк, Закарпатье, Ивано-Франковск, Львов, Харьков, Хмельницк, Черновцы облустарынан алынып келинип, Улуу Британиядан келген окумуштуулар апрель айында изилдөө жүргүзүп, мутациялардын изин табышкан. Натыйжада, COVID-19 вирусунун беш түрү аныкталган. (B1; B1.1; B1.1.1; B1.5 жана B2).

B1 — Европада жайылган вирустардын чоң тобуна кирет жана ал Италиядан келип чыгат. В1.1 вирустары үч нуклеотиддик орун алмашуусу менен айырмаланат (SNPs 28881GA, 28882GA, 28883GC), B1.1.1 ЕС өлкөлөрүндө жана Улуу Британияда бир эле мезгилде катталган, B1.5 — бул топ Европада катталган жана Испаниядан чыккан, B2 тобу болсо алты континенттеги дүйнөнүн 57ден ашык өлкөсүндө катталган.

Шаршемби күнү өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Максим Степанов Киев бийлиги февраль айында коронавирус инфекциясына каршы кытай вакцинасынын биринчи партиясын алуу күтүлүп жаткандыгын билдирген.

18-декабрда Украинанын премьер-министри Денис Шмигал Киев орусиялыктардан башка дүйнөдөгү бардык COVID-19 вакцина өндүрүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деп билдирди. Премьер-министр эл аралык COVAX демилгесинин алкагында 4 миллион украиналык үчүн 8 миллион доза вакцинанын биринчи партиясы 2021-жылдын март айында алынып келинери күтүлүп жаткандыгын кошумчалады. Вакцинациянын артыкчылыктуу программасы өлкө калкынын жарымын — дээрлик 21 миллион адамды эмдөөнү камсыз кылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *