Кара-Суу районунда маршруттук каттамдарга, той-аштарга, жума намазга, мончолордун ишине чектөө киргизилди. Бул тууралуу акимчиликтин аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Денис Назаралиев билдирди.

Маалыматка караганда, райондо коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук штабдын мүчөлөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрүлгөн. Анда коронавируска каршы аракеттерди күчөтүү максатында жогоруда айтылган чектөөлөр кабыл алдынды.

Ал эми район аймагында тиешелүү органдардын кызматкерлеринен турган жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жалпы 5000ден ашуун объект текшерилсе, анын ичинде 350дөн ашык объектке жалпы суммасы 1 млн сом айып пул салынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *