Түркиянын түштүк-батышында Денизли провинциясында Памуккале жайгашкан. Бул түркчө «пахта сепили» дегенди билдирет. Уламышка караганда, ак аскалар бул жерде титандар жашаган мезгилде пайда болгон. Алар пахта терип, күнгө кактап кургатышкан. Кароосуз калган пахта катып, кардай аппак тоолорго айланган.

Бул табигый пахта тоолордун аналогу дүйнөнүн эч бир жеринде жок. Жылуу булактар көптөгөн кылымдар бою ушул жаратылыш кубулушун жараткан.Бул жерде температурасы 35тен 1000Сге чейинки 17 геотермалдык булак бар.

Памуккале булактарынын ысык суулары кальций карбонатына бай жана ал жерден ышкырып чыгат. Памуккале вулкандык бөксө тоосунда жайгашкан жана миңдеген жылдар бою тоо этектеринен аккан шыпаа сууларынын агымдары адаттан тыш көрүнүштү жараткан.

Термалдык суудагы кальций абада тоңуп, натыйжада травертин каскаддары, террассалар жана көмкөрүлгөн идиштерге окшош бассейндер пайда болгон.

Памуккале шаарына келгендер башка дүйнөдө жүргөндөй болушат. Аппак таштар күн нуруна чагылышып, көздүн жоосун алат. Шаркыратмалар менен ысык суунун агымдары параллель дүйнө же башка планета туралуу ойлорду пайда кылат.

Памуккале менен байланышкан уламыштардын биринде дал ушул жерде Аида падышалыгынын кире бериши жайгашкан деп айтылат. Байыркы Рим падышачылыгынын маалында да адамдар жергиликтүү булактардын дарылык касиеттери жөнүндө билишкен. Ошондуктан алардын жанына байыркы Иерасполис шаары курулган. Анын урандыларын азыр да ошол жерден көрүүгө болот. Иерасполис менен Памуккале урандылары 1988-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Памуккаледеги тоонун башында Клеопатранын мончосу сакталып калган. Легендарлуу ханыша сулуулугуна аябай кам көргөн, ошондуктан бул жакка карылыкка каршы касиетке ээ булактын шыпаалуу сууларында сүзүү үчүн көп каттап турган.

Азыр каалаган адам Клеопатранын мончосу деп аталган бассейнде аз акыга сүзө алат. 2007-жылдан 2009-жылга чейин жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштеринен кийин тоонун айрым жерлеринде гана сейилдөөгө жана казуу иштерине уруксат берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *