Slider

Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады.Балбан кыздын соцтармактагы баракчасындагы куттуктоо сөзү:

“Урматтуу достор!

Баарыңыздардын келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Өтүп бара жаткан жыл баарыбыз үчүн оор болду. Көптөгөн эл аралык мелдештер узак убакытка жылдырылды. Ага карабастан кыргыз спортчулары Дүйнө Кубогунда ийгилик жаратып, кыргыз элин кубанта алды.

Келечекте кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнөгө атагы чыккан баатыр кыздар өсүп чыгат деп ишенемин.

Келе жаткан жыл да кыйын болот. Анткени, бизди Токиодо боло турган Олимп оюундары күтүп турат. Анда биз татыктуу жеңиш көрсөтүшүбүз керек. Төрт жылда бир болчу чоң мелдеште өз өлкөбүздүн үмүтүн актоого болгон аракетибизди кылабыз”, — деди Тыныбекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *