Бугун Ош шаарындагы Борбордук стадиондо «Алай»футбол клубун сыйлоо аземи болуп өттү. Кыргызстандын кубогун уткан команданы шаар мэри Т.Сарыбашов куттуктап,200 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

«Футбол күйөрмандары үчүн жакшы маанай тартууладыныздар.»Алай»командасы Кыргызстандын кубогун алгач 2013-жылы утуп алган. Намыска жарап,ат салышкан башка командалардын баарын артка калтырып,быйыл тарыхтан экинчи ирет Кубокко ээ болуп отурасыздар. Бул жеңишиниздер үчүн бардык шардыктардын атынан ыраазычылык билдирем. Буга чейин клубда бир топ жетишпестиктер айтылып,кайрылуулар болгон. Биз оюнчулардын кайрылуусун четке какпай,талаптарын аткарууга иш аракеттерди жасап жатабыз. Команданын алдыда бюджети көтөрүлүп,шарттар түзүлөт»-деди шаар мэри.

«Алай»футбол клубу футбол боюнча өлкөнүн 4жолку чемпиондугун,2жолу Супер Кубокту,2жолку Кыргызстандын Кубогун утту.Алдыда АФК Кубогу үчүн мелдештер өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *