Оорудан айыгып чыккан, бардык адамдарга ден соолугун кайра калыбына келтирүү зарыл. Көпчүлүк адамдар, айыккандан кийин деле кичинекей физикалык кыймыл-аракеттен дем алуусу кыйындап, алсыз болуп, тез чарчап калаарын айтышат. Өзгөчө, реабилитация оорунун орточо оор же оор түрү менен ооругандарга керек. ”, — деп билдирди республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева.

 Айтымында, оорудан айыккан бейтаптар санитардык эрежелерди сактоосу зарыл: беткап тагынуу, колдун гигиенасын, социалдык аралыкты сактоо.

Ал эми реабилитация үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

 Толук баалуу тамактануу зарыл. Мисалы: суюктукту көп ичүү (чай, морс, компоттор), сүт азыктары (айран, кефир);

 Майлуу эмес эт азыктары, этти куурубастан, бышырып, шорпо же бульон жасоо жана балык сунушталат;

 Мөмө жана жер-жемиштен жасалган пюрелер, жашылчаларды колдонуу керек.

 Акырындык менен рационго калориялуу тамактарды кошсо болот;

 Физикалык активдүүлүк: бир күндө 30 мүнөткө жакын таза абада жай сейилдөө керек. Абалыңызга жараша, сейилдөөнүн убактысын көбөйтүүгө болот. Эгерде спорт менен машыккан адам болсоңуз, ден соолугуңуздун абалына жараша кайрадан машыгууну баштасаңыз болот;

 Дем алуу гимнастикасын үйдөн, өз алдынча жасоо мүмкүн. Күн сайын 10-15 минут гимнастиканы эки-үч маал жасоого болот. Андан сыткары, 8 сааттан кем эмес уктоо зарыл. Толук кандуу уктап, эс алуу – иммунитетти көтөрөт.

Куурулган, туздалган тамактардан баш тартып, шекерди, ар кандай таттуу тамактарды жегенди токтотуп туруу зарыл. Ошондой эле, тамекчи чегүүдөн жана спирт ичимдиктерининен алыс болгула;

Реабилитация учурунда суукка урунбоо зарыл. Аба ырайына ылайык кийинип, суукта көпкө жүрбөш керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *