30 жаштагы Грэйс Дадли аттуу жаран март айында коронавирус менен ооруган, айыккандан соң чачынын жарымы тушүп калгандыгын айткан. Эми ал өмүр бою жасалма чача кийип жүрүүгө аргасыз. Бул туралуу  Британиянын «The Sun» басылмасы жазып чыкты.

Дадлинин айтымында, өзгөрүү ооруканадан чыкканынан бир ай болгондо башталган. «Мен чачымдын 50% жоготтум, ар күнү түшкөнү көбөйгөндөн көбөюп жатат», — деп арызданган ал.

Дарыгерлер бул көрүнүштү коронавирустун симптому болгон дене табынын көтөрүлүшү менен түшүндүрүшүүдө.

«Дене табынын 37,5тен жогору болгон учурда ушундай көрүнүш болушу мүмкүн, түшүрүп гана тим болбостон анын өсүү темпин да бузат», — деген дарыгер Арагон Джузеппе.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *