Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Аныкталган учурлар:
• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 1
• Баткен облусунда – 4
• Ысык-Көл облусунда – 1
• Чүй облусунда – 1
• Ош облусунда – 3

Мындан сырткары 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ошондой эле үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19 диагнозу менен 3018 медициналык кызматкер катталды, алардын ичинен 2315 медкызматкер айыгып чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *