Дары буга чейин сасык тумоо илдетине каршы күрөшүү үчүн Өзбекстандын Илимдер академиясынын биоорганикалык химия институту тарабынан чыгарылган

Өзбекстанда коронавируска кабылгандарды ата мекендик өндүрүштөгү дары менен дарылашат. Бул туралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматта белгилүү болгондой, Лабораториялык изилдөөдөн өткөн “Рутан” дарысы Өзбек-Кытай медициналык технопаркында иштелип чыккан.

Рутан буга чейин сасык тумоо илдетине каршы күрөшүү үчүн Өзбекстандын Илимдер академиясынын биоорганикалык химия институту тарабынан чыгарылган. 

Ал интерферондун таасирин тийгизүүчү зат болуп, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 6 жашка чейинки балдар жана чоң кишилер үчүн тумоонун, ошондой эле курч респиратордук инфекциялардын алдын алуу жана дарылоо үчүн сунушталган. Препарат эпифониялык чөптөргө каршы курамына негизделген, анын активдүү заты полифенолдар.

Кытайлык дарыгерлер аталган каражатка эксперимент жүргүзүшүп, жыйынтыгында бул дары коронавирус илдетин 78 пайызга төмөндөтөрүн белгилешкен.

Аталган каражат буга чейин Иран мамлекетине гуманитардык жардам катары жөнөтүлүп, лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, ийгиликтүү натыйжаларды көрсөткөн.

 Өзбек-Кытай медициналык технопаркында фармацевтикалык завод иштеп, анда дары каражаттарынын 8 түрү өндүрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *