Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ошто баңгизат менен алектенген активдүү топтун мүчөсү кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү Оштогу ИИМ кызматкерлери тарабынан ири көлөмдө героин баңгизаты менен атайын операциянын жүрүшүндө кармалган.

Тактап айтканда, кармалгандын жанынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 47 граммды түзгөн героин табылганы кабарланды. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары баштатылган.

Аталган факты Республиканын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча бирдиктүү реестрине катталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *