РУС

ЧЕК АРА ЧЫРЫ: БАТКЕНДИКТЕР ҮН КАТТЫ

13.01.2020

Баткен районундагы тажик чек арасы менен чектеш аймакта жашаган Көк-Таш айылынын тургундары президентке, өкмөткө кайрылуу жасады. Алар кыргыз-тажик чек арасында ок атуу, таш ыргытуу өңдүү көрүнүштөр адатка айланып бара жатканын айтып кейиди. Белгилүү болгондой, Кыргыз жана Тажик жарандарынын үйлөрү аралаш болгондуктан, 2 бала уруша кетсе да улуттар ортосунда чыр чыгып кетүүдө. Мындан улам такталбаган аймактарга тактоо киргизип, тынчтыкты, ынтымакты камсыздоо учурдун чоң талабы болуп турат дешет Көк-Таш айылынын тургундары. Келип чыккан ызы-чууну жөнгө салуу максатында бир катар аракеттер көрүлгөн. Ушу тапта эки мамлекеттин тийиштүү органдары абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал эми 14-январь күнү вице-премьер Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы тажик тарап менен жолукмакчы. Ошондой эле 15-январда өтчү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында чек ара маселеси кабыргасынан коюлмакчы 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР