РУС

УНААНЫН БАЖЫ ТӨЛӨМҮ

14.01.2020

Январь айынан тарта транспорт каражаттарын каттоодо колдонулуучу үч жана 0,3 пайыздык жаңы тариф күчүнө кирди. Унааны биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым 5 пайызды түзсө, кайра каттоодо 0,3 пайыз. 2020-жылдагы унааларды кайра каттоо, бажы төлөмдөрүнүн тарифи тууралуу кабарчыбыздын материалында.Унааларды каттоо жана кайра каттоого болгон тарифтин баалары өзгөрүүсүз калды. Ал эми бажы төлөмдөру кыйла кымбаттаган. Алсак, машинанын жылы канчалык эски болсо баа ошончо кымбат ал эми жаңы унаанын бажы төлөмү кыйла арзан. Транспорт министрлигинин коомчулук кеңешинин төрагасынын орун басары Абасбек Доромбаев унаа ташып иштеген мекендештерди сапаттуу унаа алып келүүгө чакырат. Себеби унаалардын сапатынан биздин экологиянын тазалыгы көз каранды. 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР