РУС

Чек ара жаңжалында жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан өлкө башчы кабар алды

12.05.2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Өлкө башчы аларга колдоо сөздөрүн айтып, тез арада сакайып кетишин каалады.

Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР