РУС

ЫҢГАЙСЫЗДЫК ЖАРАТКАН ТАЙГАК ЖОЛДОР

14.01.2020

Аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаагандыгына байланыштуу Ош шаарынын борбордук көчөлөрү тайгак болуп, айдоочулар нааразы. Шаар ичинде түнкүсүн бир тонна туз себилген. Ал эми Ош облусунун Талдык, Тоң-Мурун Чыйырчык ашууларындагы жолдорго кум себилип кар тазалоочу техникалар тартылган. Бирок жумушчулардын жана атайын техникалардын аздыгынан ашуулардагы жолдор тайгак болуп ынгайсыздыктар жаралган. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө жол тазалоочу ишканалар даярбы Шаар ичиндеги ички жолдор айдоочуларга ынгайсыздыктарды жаратып жаткандыгын айтып чыгышты. Эки кундон бери тынымсыз жааган кар донголоктордун тайып кетуусуно алып келсе, айрым учурда кагылышууларга себеп болууда. Шаар тургундары жада калса ички тратуарларда муз калыптанып журууго болбой калгандыгын айтышты.  

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР