РУС

ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮН ЧЕЧҮҮ

14.01.2020

Баткенге чектеш Тажикстандын Гүлистон айылында кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү сүйлөштү. Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп барды. Ал эми тажик тараптан Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим келди. Буга чейин Разаков тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу, коопсуздукту бекемдөө жана түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу тууралуу сүйлөшүү боло турганын кабарлаган. Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ыкчамдатуу жөнүндө да маселе коюла турганын айткан

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР