РУС

АЛМАТЫ: УНАА АЙДАГАН 6 ЖАШАР БАЛА

Алматыда Mercedes-Benz Gelandewagen үлгүсүндөгү автоунаанын рулун алты жаштагы баласына башкартып койгон киши айыпка жыгылды. Кадрдан G-класстагы Mercedes-Benz жолтандабасынын рулуна жаш бала отуруп айдап кеткенин көрүүгө болот. Аны интернет колдонуучулары кызуу талкууга алган соң полиция реакция кылган. Укук коргоочулар "Эгер бала машинаны окуу полигонунда айдаган чакта деле өзүнүн өмүрүнө коркунуч жаралган. Атасы муну түшүнүшү керек болчу”-дешет. Автоунаанын ээси күнөөсүн мойнуна алып, 132,5 миң теңге (23 500 сом) айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР